Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бектур Асанов бүгүн, 5-мартта 52 жашка толду. "Саясат. kg" маалымат порталы саясатчыны өздүк майрамы менен куттуктайт. Кытай элинин макалы бар: "Бриллиант сүрүлмөйүнчө жылмаланбайт, адам сыноолорсуз жеткилең болбойт". Анын сыңарындай, сиз саясий жолуңузда акыйкаттык үчүн күрөштүңүз жана акыйкатсыздыктын азабын көрдүңүз. Ал учурдун сыноосу мындан ары жашооңузга тажрыйба болуп, өлкөнүн саясий жана коомдук тагдырына активдүү аралаша бересиз деп ишенебиз. Эң биринчиден өмүрүңүз узун, ден соолугуңуз чың болсун. 

Бектур Асанов 1969-жылдын 5-мартында Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында төрөлгөн. "Эгемен Кыргызстан" саясий партиясынын лидери. Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. 

2011-жылы "Эгемен Кыргызстан" партиясынын президенттик шайлоого талапкер болгон. Бирок шайлоого катышкан эмес. 

2016-жылдын 24-мартында УКМК тарабынан камакка алынган. Ага "бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү" айыбы тагылган, бирок кылмыш иши жасалма экени жана анын камакка алынышы саясий өңүттө болгону тез эле айгине болгон..