Бул тууралуу борбор каланын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кытайдын грантына курулуучу “Жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында оңдоо иштери жанданат.

Чектөө кире турган жолдор:

  • Каркыра көчөсү Гагаринден Ак-Ордо конушуна чейин;
  • Түгөлбай Ата көчөсү Ибраимовдон Орозбековго чейин;
  • Айбийке көчөсү Гагаринден Ак-Ордо конушундагы темир жолго чейин;
  • Ажыбек Баатыр көчөсү Жунусалиевден Манас проспектине чейин;
  • Жунусалиев көчөсү Абдрахмановдон Масалиев көчөсүнө чейин (Арча-Бешик конушу);
  • Стадион көчөсү Абдрахмановдон Магистралга чейин (Ынтымак конушу);
  • Көкчө-Тоо көчөсү Махатма Гандиден Тоголок Молдого чейин;
  • Ташкент көчөсү Турусбековдон Тоголок Молдого чейин;
  • Новая көчөсү Ленден Жеңиш көчөсүнө чейин (Жеңиш конушу);
  • Сухэ-Батор көчөсү Каралаевден Шабдан Баатырга чейин;
  • Койбагаров көчөсү Жукеев-Пудовкинден Каралаевге чейин;
  • Фере көчөсү Тоголок Молдодон Курманжан Даткага чейин;
  • Буденый көчөсү. Чүй проспектинен Жибек Жолу проспектине чейин;
  • Огонбаев көчөсү. Ибраимов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин.

Кытай гранты аркылуу ишке ашчу долбоор эки жылга эсептелип, беш көпүрө куруп, 70 чакырымдык 60 жолду оңдоп-түзөө пландалууда.

Булак: reporter.kg