Дайынсыз болуп жаткан Мырзаев Талант Жамбуловичтин (1962-жылы төрөлгөн) жансыз денеси табылганын бүгүн, 5-мартта Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

4-мартта Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Күн-Туу айылындагы көчөдө эрке кишинин жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган ыкчам топ күч колдонулган белгилери жок денени таап, өздүгүн тактады.

Маркум Талант Мырзаев 21-февралда үйүнөн чыгып кеткен бойдон Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан изделип жаткан. Экспертизалар дайындалды.

Булак: Баракелде