Печать
Категория: Коом
Просмотров: 101

Бишкектеги СИЗО-1дин буга чейин соттолгон жетекчиси Марс Жусупбеков кызмат ордуна кайтарылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Адвокаттын айтымында, Жусупбеков кызматтык милдетин кечээ баштаган.

Эскерте кетсек, 2013-жылдын 29-ноябрында СИЗО-1дин башчысы Марс Жусупбеков Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304 "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана 305 "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренелери боюнча кылмыш жасаган деп шектелип кармалган. Сот аны күнөөлүү деп таап, 4 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кескен.

Андан кийин, 2019-жылдын 17-июлунда, Жогорку Сот адвокаттын жаңы ачылган жагдайлар боюнча өтүнүчүн канааттандырып, ишти жаңы сот жараянына жөнөттү.

2019-жылдын декабрь айында Октябрь райондук соту Марс Жусупбековду кылмыш курамынын жоктугу үчүн актап, анын реабилитациялоо укугун тааныган.

Булак: vesti.kg