4-мартта УКМКнын Коррупция менен каршы күрөшүү кызматынын жана ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Кара-Көл ШИИБдин башчысы Аркыт Нусубалиев кармалды. Сотко чейинки өндүрүш иши кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысына байланыштуу, деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Нусубалиев Жалал-Абад ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган «Тойота Лэнд-Крузер 200» (2019-жылы чыгарылган) унаасын 2020-жылдын декабрь айында кызыкдар тарапка берип койгон. Бул унаанын каттоо документтери жасалма болчу.

Шектүү Жалал-Абадда камакта.

Булак: Баракелде