Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдоо митингги 28-февралда да болот.
Матраимовду коргоо штабынын тараткан маалыматына караганда, 28-февралда митинг Ош шаарында болот. Анда мурдагы орун басарды бошотуу талабы коюлат. Ошондой эле "Азаттык" радиосунун, бир катар бейөкмөт уюмдардын өлкө ичиндеги ишмердүүлүгүнө чектөө коюу талаптары да айтылат.
Эске салсак, Райымбек Матраимов эки айга камакка алынган.