Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев жакындарын бошотуу талабы менен митингге чыккан жергиликтүү тургундар менен жолугушууда билдирди.
Өмүрбек Суваналиев кармалгандар ур-токмокко алынбаганы тууралуу нааразычылык акциясына чыккандарга маалымат берип, ишендирди.
«Баткен шаарынын үч тургуну мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деп айыпталууда. Иш буга чейин катталган, ошондуктан биз аларды бошотуп, алып келе алган жокпуз. Бүгүн биз камактагылардын абалы менен жеке таанышуу үчүн өкүл жиберебиз», – деди ал.
Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл айыл тургундарына Кыргызстанда дагы, Тажикстанда дагы чек ара зоналары жөнүндө мыйзам иштеп жаткандыгын маалымдады.
«Кыргызстанда бул мыйзам бир жыл мурун күчүнө кирген, андан кийин ушундай эле мыйзам Тажикстанда кабыл алынган. Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү административдик укук бузуу деп эсептелет, ал үчүн айып пул түрүндө жаза каралган. Анын көлөмү 200 миң сомдон. Жыл ичинде 7 миллион сом өлчөмүндө айып пул салынган. Бул жерде бизде Тажикстандын 11 жараны миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кармалган. Ошондуктан, мыйзамдарды сактоону өтүнөм », – деди ал.
Булак: Элгезит