Печать
Категория: Коом
Просмотров: 165

Мурдагы өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев абакта ачкачылык жарыялагы белгилүү болгон. Адвокат Нурбек Токтакунов бул аракет саясий мүнөздө эмес экенин соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. 

"Абылгазиев дарылоо иретиндеги ачкачылык жарыялады. Бул саясий ачкачылыктан дарыгерлердин көрсөтмөсү менен токтотулаары менен айырмаланат. Саясий ачкачылык ачкачылык кармаган адам өлүүгө да даяр болот, ошондуктан дарыгерлердин көрсөтмөсүнө баш ийбейт. Мындай ачкачылык чоң күчкө ээ. А дарылоо ачкачылыгы эч кандай күчкө ээ эмес, болгону ачка жүргөн адамга медициналык жактан пайда болот. Анын үстүнө, УКМКдагы башамаландык эч кимге жашыруун эмес", - деп жазды адвокат. 

Эске салсак, кыйноолорго каршы Улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков мурдагы өкмөт башчынын ачкачылык жарыялаганын билдирген. Ал бул тууралуу 19-февралда кабардар болгонун жана жакын арада абакка барып анын акыбалы менен таанышып кайтышаарын белгилеген. 

 М.Абылгазиев учурда УКМКнын абагында кармалууда.