УКМКнын расмий сайтын бузууга аракет кылуу фактысы аныкталды. Комитеттин басма сөз кызматы бүгүн, 17-февралда билдиргендей бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 304-беренеси (компьютердеги маалыматтарга кол салуу) жана 305-беренеси (зыян келтирүүчү компьютердик программаларды түзүү) менен катталды.
Бул иштерге 1974-жылы туулган К.Б.Т. катышкан деп шектелип жатат.
Мындай иштер үчүн 180-300 миң сомго чейин айып салуу же 2,5 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Булак: Баракелде