Печать
Категория: Коом
Просмотров: 70

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 16-февралда саат 18:30дан тартып Жайыл районунун "Сосновка" жана Токтогул районунун "Арал" постторунда күйүүчү май ташуучу оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

Бүгүн, 17-февралда саат 07:00дө "Сосновка" жана "Арал" постторунда коюлган убактылуу чектөө алынды.

Булак: Кабар