Печать
Категория: Коом
Просмотров: 98

Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоону даярдоо жана аны өткөрүүгө кетчү акчанын сметасын бекитти.

БШКнын маалыматына караганда, жергиликтүү кеңештерге шайлоого 425 млн 243 миң 500 сом жумшалат.

Сметага аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө бериле турчу сый акынын суммасы дагы киргизилген. 53 аймактык шайлоо комиссиясында 638 адам, 2276 участкалык шайлоо комиссиясында 28 миң 498 адам иш алып барат. Аларга шайлоого даярдануу убагында айына 2-3 миң сом эмгек акы берилет (бир шайлоо комиссиясында адатта 11-13 киши иштейт). Автоматтык эсептөөчү шаймандардын 2222 оператору үчүн, ошондой эле шайлоого чейин жана шайлоо күнүндө коопсуздукту сактоо үчүн ишке тартылган ИИМдин 4636 кызматкери үчүн да күнүмдүк каражат берилет.

Ошондой эле сметага шайлоого даярдануу жана аны өткөрүүгө зарыл болгон товарларды жана кызматтарды сатып алуунун, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана жабдуулардын операторлору үчүн окутуучу иш-чаралар менен алардын кызматтык жол жүрүүлөрүнүн, байланыш кызматынын чыгамдары, жабдууларды жана материалдарды ташуу үчүн транспорттук чыгымдар кирген.

11-апрелде 448 жергиликтүү кеңеште депутаттарды шайлоо өтөт. Алардын ичинен 421и — айылдык кеңештер жана 27си — шаардык кеңештер.

Булак: Баракелде