Печать
Категория: Коом
Просмотров: 92

Ленин РИИБдин тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалды, деп билдирди Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 17-февралда.

Буга чейин арыздануучу А.К. тергөөчү андан акча талап кылып жатканын билдирген. Бишкек ШИИБдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында шектүү К.Н. РИИБдин имаратынын ичинде акча алып жатканда кармалды.

Тергөөчү Биринчи май райондук соту тарабынан СИЗО-1 мекемесине 2 айга камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.

Булак: Баракелде