Печать
Категория: Коом
Просмотров: 93

 Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын жобосу боюнча муфтий отставкага кеткен учурда шайлоого чейин анын орун басары муфтийдин милдетин аткарат. Учурдагы орун басар — Жоробай ажы Шаргазыев.

Муфтияттын маалыматы боюнча, дагы бир орун басар Кадыр Маликов үй-бүлөлүк абалына байланыштуу ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон.

Аалымдар кеңеши 11-февралда жыйынга чогулуп, муфтий Максат Токтомушевдин отставкасын кабыл алган болчу.

Булак: Баракелде