"Акин Токталиевдин ордуна келген адам менен мен эч качан көрүшкөн да, сүйлөшкөн да эмесмин. Токталиев мени койдурду деп ойлоп жатат окшойт. Мен тетирисинче Токталиев менен Токтомушев калсын деп жүрөм. Билип билбей эле сүйлөй бербесин да. Ага өздөрүнүн кишилери ушундай мамиле кылып жатат. Менин эч кандай тиешем жок", - деди Камчыбек Ташиев.
Эске салсак, Акин Токталиев: "Азыр Максат ажы эки тараптын Муфтийлик үчүн болгон күрөшүнөн улам камалып отурат. Бир тарапта Жапаровдун Бурканов деген кеңешчисинин адамын экинчи тарапта Камчыбек Ташиевдин адамын Муфтийликке коюу аракетинен улам мындай башаламандык болуп жатат..." - деген билдирүү тараткан.