Печать
Категория: Коом
Просмотров: 76

Премьер-министр Улукбек Марипов кечээ, 7-февралда кыргызстандыктарга кайрылып, Алматыга болгон иш сапары жөнүндө маалымат берди.

Ошондой эле Тажикстанга өтүп кеткен деп кайсы канал жөнүндө айтканын түшүндүрдү.

Буга чейин Улукбек Марипов 3-февралда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчысы кызматына талапкерлиги каралып жатканда Төрт-Гүл суу сактагычына келген каналдын башын Тажикстанга алдырып жиберишкенин билдирген.
«Мен бул боюнча дагы тактадым. Бул жерде анклавдар боюнча стратегиялык маселелер бар», - деген Марипов.

«Өкмөт башчылыкка талапкер катары, Кыргызстандын патриот жараны катары бир маселени айтып коюу ниетим болгон. Муну ошол жерде жашаган Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары абдан жакшы түшүнүп турат. Бул жерде сөз Ак-Сай айылындагы, Головной водозабордон 500-600 метр жогору турган кошуна өлкөгө тиешелүү Кайырма каналы, андан тышкары Ак-Суу дарыясы жөнүндө сөз болгон. Тилекке каршы кээ бир күчтөр муну туура эмес жакка бурганга аракет кылышы мүмкүн. Мен муну түшүнөм. Менин оюмча ушул маселени келечекте биздин өлкөнүн пайдасына чечиле тургандай мыйзам чегинде карообуз зарыл. Төрт-Гүл суу сактагычы, анан Головной суу тосмосун стратегиялык объекттерге киргизүү боюнча иш башталды. Муну биз президентке, Коопсуздук кеңешинин катчылыгына сунуштайбыз. Биз Тажикстан менен бардык маселелерди дипломатиялык жол менен чечишибиз керек», - деди Марипов.

Булак: Баракелде