(Жогорку окуу жайларындагы паракорлуктун тарыхынан)

Мында бирөө мени КРСУда иштеп турганында болочок депутат Дастан Бекешовдон эки жүз доллар пара алган деп каралап калбадыбы. КРСУда эзели иштеген эмесмин, Дастан Бекешов менен жүз көрүшө элекмин. Бирок бир окуя эске түштү.

1983-жыл. Армия. Сочи деген шаарга түшүп калдык. Кавказ тектүү улуттардын өкүлдөрү оголе көп болчу. Бир курдай дневальный болуп турсам, Кавказ тектүү сержант билимиме кызыгып, "институтта окуп жүргөн жериңден келген окшойсуң?" деп сурап калды. "Жо-ок. Жогорку окуу жайына тапшыра элекмин, жолдош сержант. Буюрса, армиядан кийин тапшырам,"- дедим.

"Кыргызстанда окууга өтүш канча?" - деди сержант. Бир жерден сельхозго өтүш үч миң рубль деп уктум эле, ошону эстеп, "3000 рубль!" - дедим. Сержант мени таң кала карады да, "мен сенден ВУЗга өткөндүн баасын сурап жатам", - деди.

Кыргызстандын ВУЗдарын арзан баалап, кыргыздарды бечара, кедей-кембагал көрсөтүп алдым окшойт деп ичимен бушайман болуп, "жакшы ВУЗдарга өтүү 5000 рубль!"-дей салдым. Сержант ууртун жыя албай каткырып жиберди.

Нары жакта турган топ кавказдыкты чакырды. "Келсеңер, кызык жаңылык мында экен"- десе, он - он бештей солдат топурап басып келишти. "Уксаңар! Кыргызстанда ВУЗга өтүштүн акысы 5000 рубль экен!"- деп дагы каткырды. Айрымдары кошо күлүп, айрымдары ишенбегендей мени тиктейт. Кыргыздарды бей-бечара көргөзүп салдым деп, ансайын өзүмдү-өзүм жемелейм. "Эмне күлөсүңөр? Жаман-жуман ВУЗдардын акысы 5000 рубль, а так нормальный ВУЗга өтүштүн акысы 10000 рубль!"-деп калпты ышкырттым. Союз учурунда андай бааны бечара кыргыз эзели уккан эмес. Баягы солдаттар цирктен оюн көрүшкөнсүп, кыраан-каткы. "Иттики, кыргызымды дагы уят кылып алдым окшойт!"-деп, ызаландым.

Менин ызааланганымды туйган бирөө тигилерди тыйып, "Койчиев катардагы ВУЗдар жөнүндө айтып жатса керек, кана, кайра сурайлычы. Медицинскийге өтүш канча?"-деди. Оозу-мурдум кыйшайбай туруп, "25000 рубль!"- дедим. Андай баа бечара кыргызымдын үч уктаса түшүнө кирбегенин билип турам. Оюмда кыргызды уят кылбагандын айласы.

Кайрадан кыраан каткырык.

"Юрфак канча?"-деди бирөөсү. Мынча болду, даканса калп айтайын дедим. 30000 рубль дедимби, 35000 рубль дедимби, айтор кыргыздын оюна эзели келбеген сумманы айттым окшойт. Баягылар тарактап каткырып, боорлору эзилгенче күлүштү.

"Асмандагы сумманы айтсам да келеке кылышабы?" - деп намыстанып, өздөрүнөн сурадым:"Силерде ВУЗга өтүштүн парасы канча?" "Ортосаар ВУЗдуку 15000 - 20000 рубль, медицинскийдики 50 000 рублдан башталат, юрфак 100000 рублди чапчыйт!"- дегенди укканда оозум ачылды.

Себеби, армияга кетээрдин алдында "Советтик Кыргызстан" гезитинен үзүктөй макала окудум эле. Республикалык прокуратуранын лөгү баш-аягы 152 миң рубль пара алды деп айыпталып, атууга кеткен болчу (ыйманы саламат болсун). Ошол макала эсиме түштү. Коммунизмди курабыз деп жанталашкан кыргыздар 100 000 рубль үчүн бир-бирин кырып жатса, мындагы мадырабаштар андай сумманы оюнчук көрүшкөнү айран таң калтырган.

Андан бери заман да өзгөрдү, кыргыздын кулк-мүнөзү да өзгөрдү. Балакет басып, коррупция кыргыз ичине да тамырлап, кавказдыктардан ашып түшкөнү калдык.

"Паракорлукту билбеген кыргыз ошол эле бойдон калса эмне!"- деп калам", - деп жазды президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев соцтармактагы баракчасына. 

Эске салсак Койчиевдин президентке кеңешчи болуп дайындалганын уккан Дастан Бекешев анын паракор экенин айтканын айрым маалымат каражаттары жазышкан. Бирок кийинчерээк депутат мындай билдирүү таратпаганын айтып чыккан.