Ѳкмѳттүн жаңы курамында мурдагы энергетика жана ѳнѳр-жай министри Кубанычбек Турдубаев болот экен. Кимдер министр болот, кимдер кетет, албетте ѳлкѳ жетекчилиги ѳздѳрү чечет. Бирок Ѳкмѳттүн курамын түзүүдѳ министрлердин ѳткѳнүнѳ, репутацияларына кѳз жүгүртүү ашыкча кылбайт го.
Дегенибиз, Кубанычбек Турдубаевдин кайрадан КР Энергетика министри болуп келатканы таң калтырбай койбойт. Бул адам буга чейин министр болуп иштеп, энергетика системасында алгылыктуу иштерди кыла алган эмес. ЖК депутаттарынын, коомчулуктун катуу сындарына кабылып, ишине нааразычылыктарды жаратканы менен эсибизде. Системада коррупцияны гүлдѳткѳнү эле болбосо, оң ѳзгѳрүүлѳрдү кыла албаган.
Эми кандай критерий, талап менен кайрадан энергетика министри кылганы жатышат? Системада башка таза, булганбаган адис калбай калыптырбы, ыя?
Булак: “Майдан. kg” гезити