Печать
Категория: Коом
Просмотров: 99

Ѳкмѳттүн түзүмүн оптималдаштыруунун алкагында Социалдык ѳнүктүрүү министрлиги жоюлуп, КР Саламаттыкты сактоо министрлигине кошулганы жатат. Мындай чечимди кабыл алгандардын ѳз билгендери, түшүндүрмѳлѳрү бардыр.

Бирок канчалык деңгээлде логика бар? Кыргызстан социалдык мамлекет, жарандардын социалдык жактан коргоо ѳлкѳнүн приоритеттүү саясаттарынан болуп эсептелет. Аталган министрлик жоюлса, социалдык жактан коргоого алуу саясатын кайсыл орган жүргүзѳт? Бул багыттагы саясат аксап, анын кесепети  жүз миңдеген жарандарга тийип калбайбы? 

Конституция боюнча Кыргызстан социалдык мамлекет. Демек, Социалдык өнүктүрүү министрлигин жоюп салуу биздин Баш мыйзамга деле ылайык келбейт. Буга Ѳкмѳттүн жаңы түзүмүн түзгѳндѳр кандай жооп беришет болду экен?  

 

Булак: “Майдан. kg” гезити