«Манас» Эл аралык аэропорту» ААК өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарды. 2020-жылы коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу чек аралар жабылып, аба каттамдарынын чектелгендигине байланыштуу дүйнөлүк авиация тармагы үчүн эң оор жылдардан болду.
Учуулардын чектөөлөрүнө карабастан, «МЭА» ААК өлкөнүн аэропортторунун аэробекет комплекстерин реконструкциялоо, перрондорду оңдоп түзөө жана байланышты кайрадан уюштуруу иштерин улантып, ошондой эле жүргүнчүлөргө заманбап кызмат көрсөтүү, тамактануучу жай ачуу боюнча иштерди алып барды.
COVID-19
- «Манас», «Ысык-Көл» жана «Ош" эл аралык аэропортторунда Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Санитардык-карантиндик борборунун кызматкерлери иштешет. Коронавирустук инфекцияга шектелген жүргүнчүлөрдү тосуп алуу жана изоляциялоо үчүн бардык тиешелүү медициналык шарттар түзүлгөн.
- “Манас”, “Ош” жана “Ысык-Көл” аэропортторунун аэробекет комплекстерине компьютердик жабдуулар менен стационардык тепловизорлор жана жүргүнчүлөрдү, аэропорттордун конокторунун дене табын текшерүү үчүн термографтар орнотулган.
- “Манас” аэропортунун аймагында жайгашкан убактылуу стационардык-карантиндик пунктун (“Семетей” ооруканасынын) иштеши үчүн ар тараптуу жардам көрсөтүлдү. Тактап айтканда, кычкылтек станциясын орнотуу үчүн 10,5 куб метр бетон акысыз бөлүнүп, коммуникацияларды орнотуу, имараттарды жана курулмаларды косметикалык оңдоо жана башка маанилүү иш-чаралар жүргүзүлдү.
- “Манас” аэропортунун аймагында, компаниянын кызматкерлерине жана медициналык жардамга муктаж болгон башка адамдарга жардам көрсөтүү үчүн оорукана ачылды, аталган ооруканада Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин бардык талаптарына жооп берген медициналык жабдуулар орнотулуп, керектүү дары-дармектер менен камсыздалган.
- бейтаптарга экстракорпоралдык кан тазалоо процедураларын жүргүзүү үчүн Гемос-ПФ плазмаферезасын сатып алууга 1 780 000 сом өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине жардам көрсөтүлдү.
“Гемос” аппараты акыркы эл аралык стандарттарга жооп берет жана аны Кыргызстандагы ооруканаларда колдонуу кымбат баалуу дары-дармектердин колдонулушун кыскартууга, бейтаптардын жандандыруу бөлүмдөрүндө болуу мөөнөтүн жана дарылануунун жалпы узактыгын кыскартууга, өлүмдүн азайышына жардам берет.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин эсебине 2 000 000 сом өлчөмүндө кайрымдуулук жардам көрсөтүлдү.
Жардам калктын социалдык аялуу катмарын колдоо, (жакыр үй-бүлөлөр, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар ж.б.) тамак-аш менен камсыз кылуу максатында көрсөтүлдү.
- Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу максатында, “МЭА” ААК Башкармалыгынын мүчөлөрү 177,8 миң сом өлчөмүндөгү айлык маянасын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук казынасынын атайын эсебине которушту.
Жүргүнчүлөр үчүн жаңы долбоорлор жана кызматтар
- “Манас” аэропортунун аймагында эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрүн тейлей турган экинчи аэробекет комплексинин (АБК-2) курулушу аяктады.
Жаңы үч кабаттуу имараттын аянты 4,5 миң чарчы метрди түзөт. Учурдагы иштеп жаткан эл аралык каттамдарды тейлөө секторунун жалпы аянты (учуп кетүү- учуп келүү залдары) - 3,7 миң чарчы метрди түзөт. АБК-2 пайдаланууга берилгенден кийин жалпы аянты 8,2 миң чарчы метрди түзөт.
АБК-2 тиешелүү инфраструктура менен жабдылган. Эл аралык учуп келүү залындагы паспорттук көзөмөл кабиналарынын саны 13тү түзүп, 3 “Электрондук дарбазалар” (E-gate) системасы орнотулат. Залдын кеңейтилген аймагы чек ара пункттарындагы жүргүнчүлөрдүн тыгынын жоюп, АВКнын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.
АБК-2 2021-жылдын февраль айында пайдаланууга берүү пландалууда.
- Өлкөнүн башкы аэропортунда темир буюмдарды жана жардыргыч заттарды аныктоочу 3 бут кийим сканер орнотулган.
Бул аппарат жүргүнчүлөр бут кийимдерин чечпестен рентгендик текшерүүдөн өтүүгө мүмкүндүк берет.
Сканер автоматтык түрдө ок атуучу куралдар, бычактар жана жарылуучу заттар сыяктуу металлдык жана металлдык эмес кооптуу нерселердин бар экендигин аныктайт.
Аппарат учурда электр коопсуздугу жана электромагниттик шайкештик жаатында эл аралык стандарттарга, ошондой эле ЕСтин колдонулуп жаткан эрежелерине ылайык келет. Дүйнө жүзү боюнча аэропорттордун коопсуздук стандарттарына жооп берет.
- Ысык-Көл эл аралык аэропортунда май куюучу комплекс (TZK) ачылды, ал учактарды кабыл алууга, кароого, жеткирүүгө даярданууга жана май куюуга арналган.
Комплекс керектүү заманбап технологиялык жабдуулар менен жабдылган, ал толугу менен автоматташтырылган, авиациялык күйүүчү май менен камсыздоо жана учуу коопсуздугу жаатында эл аралык стандарттарга жооп берет.
Курулган комплекс жылына 20 миң тоннадан ашык авиациялык керосин сатууга мүмкүнчүлүк берет. Май куюучу комплекс керектүү сертификаттарына ээ. Комплекстин бардык объектилери авиациялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык курулган: өрттү өчүрүүнүн автоматтык тутуму орнотулган, өрт резервуарлары жана тазалоочу курулмалар курулган, өндүрүш аймагын коопсуздук кызматы кайтарат.
Буга чейин, май куюучу комплекстин жоктугунан жана май куюу мүмкүн эместигинен улам, “Ысык-Көл” аэропорту буга чейин кыска аралыктарга учкан чакан учактарды кабыл алган. Күйүүчү май куюучу комплекстин ишке киргизилиши орто жана алыскы учактарды, анын ичинде алыскы чет өлкөлөрдөн учууларды кабыл алууга жана жыл бою учактарга сапаттуу май куюуну жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
- Ош эл аралык аэропортунда “Перрон төшөлмөлөрүн калыбына келтирүү жана аэродромдук коммуникацияларды реконструкциялоо” долбоору аяктоо стадиясында. Бул долбоордун алкагында перронду реконструкциялоонун жалпы аянты 100715 чарчы метрди түзөт. Анын ичинен, цемент бетон төшөлмөсү- 27709 чарчы метр жана асфальбетон - 73006 чарчы метр.
Долбоордун алкагында СК-100 тибиндеги стационардык колонкаларды орнотуу боюнча куроо жана ишке киргизүү боюнча 8 даана көлөмүндө электр энергиянын стационардык жана мобилдик кубат булактарына электр энергиясын бөлүштүрүү жана жеткирүү иштери жүргүзүлдү.
Пайдаланууга берилгенден кийин, Ош аэропортунда 12 чакан жана чоң учактар үчүн токтоочу жай иштейт.
Долбоор 2021-жылдын февраль айында ишке берилет.
- Исфанада реконструкциядан кийин аэропорт ачылып, ага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды. “Исфана” аэропортунун аэродромдук элементтеринин жасалма төшөлмөсүн реконструкциялоо” долбоорунун алкагында учуу-конуу тилкеси, рулеждук жолчо, учактардын токтоочу жайы жана перрон реконструкцияланды.
2019-жылы жалпы аянты 553 чарчы метрди түзгөн жаңы каттоочу жай, текшерүүчү аппараттар, жүк лента, эне жана бала бөлмөсү бар жаңы аэробекет курулган. Аэропортто жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Маданий жана кайрымдуулук долбоорлор
Бүгүнкү күндө социалдык жоопкерчилик дүйнө жүзү боюнча ири компаниялардын корпоративдик саясатынын ажырагыс бөлүгү болуп калды. Корпоративдик социалдык саясаттын алкагында “МЭА” ААК карыларга, анын ичинде Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, жетим балдарга, мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жана башка калктын аярлуу катмарына жардам көрсөтүп келет.
2020-жыл аралыгында жалпы суммасы 2,6 миллион сомдон ашык ар кандай маданий жана кайрымдуулук долбоорлор ишке ашырылды, анын алкагында төмөндөгүдөй жардамдар көрсөтүлдү:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Мамлекеттик интеллектуалдык менчик фондуна.
- Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынын ардагерлеринин коомдук бирикмеси.
- Профессионалдык кол күрөш боюнча федерация.
- Аламүдүн районунун мектептеринде билим алып жаткан 148 томолой жетим, жарым-жартылай жетим жана 7 жаштан 17 жашка чейинки аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына.
- Жетим балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Чүй мектеп-интернатына.
- Мраморное айылынын орто мектебинин окуучуларына.
- “Үмүт шамы” ККФ - 185 майып мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга
- 2020-жылы 4-майда “Манас” эл аралык аэропорту 45 жылдык мааракесин белгиледи. Короновирус пандемиясына байланыштуу майрамдык иш чара уюштурулган жок, бирок маданият, спорт жана шоу-бизнес өкүлдөрү Кыргызстандын башкы аэропортун туулган күнү менен онлайн режиминде куттукташты.
- Жетекчилик жарандык авиация жаатында 30 жылдан 50 жылга чейин иштеген компаниянын кызматкерлерин куттуктады. Дал ушул сыяктуу команданын аракети менен өлкөнүн аэропортторун кеңейтүү жана өнүктүрүү, компаниянын өндүрүштүк жана каржылык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу шарттары түзүлүп, ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда.
- Жыл жыйынтыгында жетекчилик жемиштүү кызматташтыкты жана өнөктөштүктү чыңдоо максатында өнөктөш авиакомпанияларды белгиледи.
- 2020-жылдын 31-декабрында, жаңы жыл алдында өлкөнүн башкы аэропортунда жүргүнчүлөрдү жана конокторду куттуктоо уюштурулду.
45 жыл ичинде аэропорттун тарыхында көптөгөн маанилүү окуялар болуп өттү, борбордун аэропортун кеңейтүү жана өнүктүрүү боюнча эбегейсиз зор жумуштар аткарылды жана ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылды.
Жаңы перспективдүү пландар иштелип чыкты, алар компанияны жалпысынан заманбап жана ыңгайлуу аэропорт комплекси катары өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
- Аламүдүн районунун мектептеринде окуган 7 жаштан 17 жашка чейинки 148 томолой жана жарым-жартылай жетим балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына 207 200 сом өлчөмүндө кайрымдуулук жардам көрсөтүлдү.
2001-жылдан “МЭА” ААК корпоративдик жана социалдык жоопкерчилигинин алкагында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы демөөрчүлүк жардамга муктаж, томолой жана жарым-жартылай жетим балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына үзгүлтүксүз жардам көрсөтүп келет.
Тамактануу жайлар
- “Манас” аэропортунун учуу (стерилдүү) аймагында дүйнө жүзү боюнча Love.Peace.Coffee философиясын жайылткан Tucano Coffee кафеси ачылды. Алар кофени 100% Specialty Arabica тандалмасынан даярдашат. Аба саякатчылары кофенин ар кандай түрлөрүн жана даамдуу тамактардан даам татууга мүмкүнчүлүктөрү бар.



