Печать
Категория: Коом
Просмотров: 80

Бүгүн, 2-февралда парламенттин комитет жыйынында депутат Асел Кодуранова онлайн окутуу режими качан бүтөрүн сурады.

“Онлайн окутуу качан бүтөт? Ата-энелер сурап жатышат. Бизге кыйын эле болуп жатат. Балдарыбыз сабак окуйбуз дегенде үйдө уруш-тытыш болуп жатат. Сабак жасагандан балам эмес мен качып калдым”, – деди депутат.

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Алмазбек Бейшеналиев абал туруктуу болсо 2 жуманын ичинде толук кадимки окутууга өтөт деп күтүп жатышканын айтты.

Булак: govori.tv