“Кыргыздын чыгаан жигити Нургазы Анаркулов токтоосуз акталып, эркиндикке чыгышы керек!”, - деди бүгүн, 1-февралда NazarNews.kg маалымат агенттигине экс-министр Бекболот Талгарбеков.
--Мен, журналист Нургазы Анаркуловду көп жылдан бери билем. Ал чыныгы мекенчил, таланттуу журналист жана таза инсан. Биз, саясий туткундар, Атамбаевдин режиминде абакта олтурган мезгилде бизге зор моралдык колдоо көрсөтүп келди. Абактан чыкканыбызда бизден бир сом да сураган эмес. Ошондуктан "ал пара талап кылган" деген жалаага эч ишенбеймин. Экинчиден, өзүм учурунда президенттин да, өкмөттүн да аппаратында иштегем. Азыр Анаркулов ээлеп келген кызматта кадр маселесин чечүүгө анын эч укугу да, таасири да жок. Демек, "кек сактап жүргөн чагымчылдын жеке өч алуусу гана бар" деп так кесе айтсак болот. Кыргыздын чыгаан жигити Нургазы Анаркулов токтоосуз акталып, эркиндикке чыгышы керек! - деди Бекболот Талгарбеков.
Булак: NazarNews.kg