Бүгүн, 1-февралда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев телефон аркылуу байланышты. Бул маалыматты өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Анда аймактык кызматташуудагы актуалдуу көйгөйлөр, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы биргеликте күрөшүү, ошондой эле соода-экономикалык жана транспорттук-транзиттик тармактардагы кызматташууну өстүрүү тууралуу кеп болду.
Булак: Баракелде