Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева кырсыкка учураган ырчы Анжеликанын кыздарына ден соолук тиледи. Ырчы операция жасалган Айыма менен Айлинге кабатырланып жатканын соцтармагы аркылуу жазды.
“Айтылбай келген кырсыктан эч ким кача албайт. Эне катары менин да кабыргам кайышып турат. Айланайын Айыма менен Айлин тезирээк сакайып кеткиле. Эч бир наристе оорубасын. Ар бирибизде бала бар, балдарыбызды Жаратканым жамандыгынан сактасын”, – деген Иманалиева.
Булак: Элгезит