Бүгүн, 1-февралда саат 11:00дө Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Күн тартибинде премьер-министр кызматына талапкер каралат. Ошондой эле өкмөттүн курамы жана түзүмү талкууланат.
АКИpress агенттигине өздүк булактар билдиргендей, премьер-министрликке азыркы Эсептөө палатасынын башчысы Улукбек Мариповтун талапкерлиги сунушталышы мүмкүн.
Улукбек Марипов
