Бүгүн, 30-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов "опузалоо" беренеси боюнча камакка алынганы маалым болду. Коомчулукта бул кабар "кимдир бирөөлөр тарабынан атайын жасалган иш" катары кабыл алынууда. Саясатчы Кубаныч Кадыров: 

"Нургазы ушундай ишке барат деп ишеналбай турам. Азыр эле күнөөсү бар же жок деп айтыш эрте. Аны сот чечет. Чындыгында эл-журттун, саясатчылардын таламын талашып чындык үчүн чыркырап артка кайтпай курч пикирлерин тайманбастан жазып келген. Өзүм жөнүндө айтсам, убагында Атамбаевдин куугунтугунда үй-бүлөбүз менен калганыбызда бийликтен коркпостон чындыкты элибизге жеткизип турган! Урматтуу бийлик башындагылар, сиздерден суранам үй камагына чыгарып эле тергөө жүргүзө берсеңиздер! Жакында эле атасынан айрылып кайгырып ойго батып жүргөн", - деди.