Печать
Категория: Коом
Просмотров: 406

Бүгүн, 30-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов "опузалоо" беренеси менен камакка алынганы маалым болду. Коомчулук бул кабарды "атайын жасалган иш катары" кабыл алууда. Журналист Үмүт Мукамбетова бул тууралуу:

"Мен Нургазыны кесиптеш катары 15 жылдан бери билем. Нургазы ак эмгеги менен акча таап, ак эмгеги менен иштеп, ушундай деңгээлге жеткен. Муну кимдир бирөөлөр алдап, башын айлантып, бирөөлөрдүн буйрутмасын ишке ашырышкан. Кыскасы, муну каралап, кызматтан кетирип, анын ордун  алуунун аракетин жасашкан. Ал кызматка Нургазыны пара талап кылган адамдай көрсөткөн адамдын өзү болбосо да, жакынын алып келип, ал аркылуу башкарууну колго алам деген ниетте болушу мүмкүн. Кандай айла кылса да, шибегени капка ката албайсың. Ал сөзсүз тешип чыгат деген сыяктуу эле бул чындык да бир күнү чыгат. Ким кимге көр казбасын ага барып мезгили келгенде өзү түшөт", - деди.