Бүгүн, 30-январда президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов "опузалоо" беренеси менен камакка алынганы маалым болду. Коомчулук бул кабарды "атайын жасалган иш катары" кабыл алууда. Коомдук ишмер Самсалы Четинбаев мындай пикирин билдирди:

"Мен Нургазынын жакшы жагынан гана таанычумун. Эмне болуп кетти түшүнбөй турам.  Ар ким ар нерсени жоромолдоп атат.  Тергөө жүрсө баары ачыкталаар. Кичине күтө туралы".