Бул тууралуу «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башчысы Кудрет Тайчабаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
«Дөөлөт Сыдыковго «Манас айылынын» жетекчиси болууну сунуштадым, агабыз бул күтүлбөгөн, өтө чоң жоопкерчиликти талап кылган жаңылык экенин айтып, көпкө ойлонуп, макулдугун берди. «Манас айылына» директор болсо чын дили менен кызмат кылып, демөөрчүлөрдү тартып, өнүктүрө алат деген ойдомун. «Манас айылы» Президенттин иш башкармалыгынын балансында болгону менен, «Бишкек» эркин экономикалык аймагына оперативдүү башкарууга берилген. Башкача айтканда биз багып келебиз, сөөгү Ак үйдүкү. Жакын арада «Манас» айылы Маданият министрлигине өтүшү мүмкүн», - деп жазган Тайчабаров.
Булак: Баракелде