Печать
Категория: Коом
Просмотров: 141

«Supermodel International 2021» Эл аралык сынагына Кыргызстандын атынан Бишкектин 20 жаштагы тургуну Саадат Асылбекова катыша турган болду. Сынак Тайландда өтөт. 

Маалыматка караганда, буга дейре "Кыргызстан сулуусу" улуттук сынагы салтка айланган "Кыргызстан сулуусу -2020" сулуулар сынагын кийинкиге жылдыруу боюнча чечим кабыл алган. Аны менен катар Дирекция «Supermodel International 2021» Эл аралык моделдер сынагынын Х-Юбилей сезонуна кастингге даярдык көрүү жарыяланган. 

Кастингдин жыйынтыгында, 20 жаштагы Саадат Асылбекова «Supermodel Kyrgyzstan 2021» титулун жеңип алган. Ал профессионалдуу модель, боюу 179 см, Avanto Models борбордук моделдик агенттигинде катталган. Биринчи жолу 2016-жылы «Miss Bikini Kyrgyzstan 2016» сынагына катышып, жеңүүчү болгон. Ал эми «Supermodel International» Саадат үчүн эл аралык деңгээлдеги биринчи сынак болот. 

«Supermodel International» - Азиядан чыккан моделдер арасында өткөрүлүүчү профессионалдуу сынакка 10 жыл болду. Дүйнөнүн 50 чакты өлкөсүнүн өкүлдөрү катышат.