Печать
Категория: Коом
Просмотров: 100

Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, аткаруу бийлигинин жетекчиси Президенттин аппаратын да башкарат. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашов 26-январдагы жыйында кабарлады.

«Биринчиден, биз президенттик башкаруу формасына өтүп жатабыз. Экинчиден, практика көрсөткөндөй, көптөгөн маселелер президенттик аппаратта чечилип, жоопкерчилик өкмөттө болот. Биз мындай вариантты талкуулап, киргизүүнү чечтик», — деди Бөрүбашев.

Бүгүн Башмыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан Конституциялык кеңешме жыйынга чогулду. Анда айтылгандай, Башмыйзамдын жаңы долбоору эми парламенттин кароосуна жиберилет.

Булак: Маралфм