Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 26-январда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка барды.
Ал болжол менен коронавирус пандемиясына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча чакырылганын айтты.
«Эмне үчүн чакырышканын так айтышкан жок. Мен пандемияга дарядануу боюнча февраль-март айларында иштегем. Апрелде мени кызматтан алышты. Биздин алдыбызда тажрыйбабызга, башка мамлекеттердин тажрыйбасына таянып, өлкөдө коронавирустун жайылышына жол бербөө тапшырмасы турган. Ошол учурда биз эмнени туура деп ойлосок, ошолорду кылганбыз», - деди Өмүрбекова.
Булак: Баракелде