Печать
Категория: Коом
Просмотров: 111

Транспорт жана жолдор министрлигинде министрдин орун басары Талантбек Солтобаев менен «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын кирешелерди башкаруу жана тармактык пландаштыруу боюнча вице-президенти Ратанкумар Ратнакардын ортосунда аба каттамдарын ачуу маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин кеңешчиси Абдулазиз Ботбаев, Транспорт министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору С.Шаршеев, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басары К.Кенжематова, «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын жана «Манас» эл аралык аэропортунун өкүлдөрү катышты.

Транспорт министринин орун басары Солтобаев министрлик авиакомпаниянын Кувейт-Ош-Кувейт багыты боюнча үзгүлтүксүз каттамды жандандыруу жана Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттамды ачуу демилгесин колдой тургандыгын белгиледи.

«Jazeera Airways» авиакомпаниясынын вице-президенти Ратанкумар Ратнакар авиакомпания 2021-жылдын 2-февралынан баштап Кувейт-Ош-Кувейт багыты боюнча каттамды калыбына келтирүүнү жана 4-февралдан баштап Кувейт-Бишкек-Кувейт каттамы пландалууда.

Булак: Элгезит