Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирет.
Такталгандай, мындай чечим кечээ, 16-январда кабыл алынган.
Белгилей кетсек, декабрдын аягында Кылычбек Саркарбаев Ош шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына киргизилген.
Белгилей кетсек, 17-декабрда УКМК Ош шаардык мэриясынын алдындагы Дене тарбия жана спорт комитетинин башчысы Кылычбек Саркарбаев өзүнүн соттуулугун жашыруу үчүн жасалма паспортту колдонгонун аныктаганын маалымдаган.
«1987-жылы туулган КРнын жараны Саркарбаев Кылычбек Асылбековичтин паспортунун мыйзамдуулугун текшерүү учурунда жасалма документ жасоо фактысы аныкталды. (Саркарбаев) Сулайманов Кылыч Асылбекович уюшкан кылмыштуу топтун лидери “Женго” лакап аты менен таанымал Кадыр Досонов менен тыгыз мамиледе экени аныкталды. Буга чейин Сулайманов каракчылык үчүн сот жообуна тартылган. 2006-жылдын июнь айында Ош шаардык сотунун чечими менен ал күнөөлүү деп табылып, бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды », – деп айтылат билдирүүдө.
Сулайманов-Саркарбаев УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын 22-сентябрда таңга маал Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышуу болгон. Анда эрежесиз мушташтын чебери Төлөгөн Рахманберди уулу жараат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Оорукананын травматология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Маматалиев анын жоон санына ок тийгенин айткан.
Оштогу ок атышкан окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканын ИИМдин маалымат кызматы бүгүн билдирди. Алардын айтымында, Кылмыш кодексинин “Денеге оор залал келтирүү” беренеси боюнча иш козголгон.
Кылычбек Саркарбаев 2020-жылдын февраль айында жумушунан убактылуу четтетилген. Ага чейин ММА боюнча дүйнө чемпиону Төлөгөн Рахманберди уулу видео кайрылуу жасаган. Ал Кылычбек Саркарбаев аны коркутуп жатканын айтып, өлкө президентине арызданган. Кийинчерээк кайра кызмат ордуна калыбына келтирилген.
Булак: kyrgyztoday.org