Бүгүн, 16-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Алтуха» каймана аты бар Алтынбек Ибраимовду үй камагына чыгарды. Бул маалыматты АКИpress агенттигине күч түзүмдөрүндөгү булактар билдирди.
Ал 2 ай үй камагында болот.
Бишкек шаарында «Алтуха» каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Алтынбек Ибраимов кармалганын 13-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирген.
УКМКнын маалыматына караганда, Ибраимов криминалдык чөйрөдөгү негизги фигуралардын бири.
«Кылмыштуу иштерге катыштыгы боюнча керектүү ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Ибраимов ИИМге профилактикалык маектешүүгө чакырылган.
Булак: Баракелде