Печать
Категория: Коом
Просмотров: 97

Бүгүн атайын рейд уюштурулуп, натыйжада 10 башаламан соода түйүнү жоюлду. Шаардыктарга, мыйзам бузуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү айтылат.

Бишкектин Октябрь районунун акимчилиги "Орто-Сай" базарынын айланасы менен Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүндө өз алдынча соода жүргүзгөндөрдү тыюу боюнча иштерди улантууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Муниципалитеттин өкүлдөрү бүгүн ИИМдин кайгуул милиция кызматкерлери менен рейд уюштурган. Натыйжада 10 башаламан соода түйүнү жоюлуп, шаардыктарга, мыйзам бузуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Көчө жээгиндеги мыйзамсыз соода-сатыкка бөгөт коюу боюнча текшерүү уланууда.
Бишкек мэриясы шаар тургундарынан борбор калаада соода жана жарнама эрежелерин сактоону өтүнөт.

"Жерге коюлуп сатылган азыктардын коопсуздугуна жана сапатына эч ким кепилдик бере албайт. Андай азыктарды сатып албагыла, сураныч! Алар ден соолукка зыян!" — деп айтылат маалыматта.
Мэрия жол кыймылына тоскоолдук жараткан жана базардын тегерегинде мыйзамсыз соода жүргүзгөн жеке жактарга үч миң сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынарын эскертти.

Булак: sputnik.kg