Бишкектеги Чүй көчөсүнүн Эркиндик көчөсүнөн тартып, Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө автоунаалардын кыймылына чектөө киргизилет. Мындай чектөө бүгүн, 11-январда саат 13:00дөн тарта кечке чейин улана турганын Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул борбордук аянтта демилгечилер тарабынан уюштурулуп жаткан иш-чарага байланыштуу.
Бүгүн Бишкектин «Ала-Тоо» аянтында сахна жана музыкалык жабдыктар орнотулган. Уюштуруучу С.Кадырбековдун айтымында, бүгүн аянтта президенттик шайлоого байланышкан иш-чаралар уюштурулат.
«Бул бир эле талапкердин жеңиши эмес. Бул — элдин жеңиши», - деди ал.
Кадырбеков иш-чара тууралуу бардык мамлекеттик органдарга билдиришкенин белгиледи.
Булак: Баракелде