Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери менен УКМКнын кызматкерлери биргеликте алдамчы мамлекеттик кызматкерди кармашты.
ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 10-январда саат 14:55 чамасында Токомбаев менен Нуркамал Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишинен «Тойота Камри» унаасы токтотулган. Анын мамлекеттик номуру жок болчу.
Текшерүү учурунда унаанын артында отурган Б.А. өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырып, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери экенин тастыктоочу күбөлүгүн көрсөткөн. Бирок ал документ жасалма экени ошол жерден эле аныкталды.
Б.А. Октябрь РИИБге жеткирилип, унаа айып короого токтотулду. Териштирүү иштери жүргүзүлөт.
Булак: Баракелде