Президентикке талапкерлердин биринин жубайы алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Сотко чейинки өндүрүш иши Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен башталды. Буга чет өлкөлүк инвестор А.О.нун У.К. аттуу жаранга (аял киши) чара көрүү жөнүндөгү арызы себеп болгон.
«У.К. 2017-2018-жылдары А.О.дон биргелешкен бизнести жүргүзүү үчүн 5 млн доллардан ашык акча алганы аныкталды. У.К. бул акчаларды кайра кайтарып берүүдөн баш тартууда. Чет өлкөлүк инвестор аталган сумманы долбоорлорго жумшоону пландаган. Сотко чейинки өндүрүш иши прокуратура органдарына жөнөтүлдү», - деп айтылат маалыматта.
АКИpress агенттигине өздүк булактары билдиргендей, У.К. — Күлнара Үсөнканова. Ал Курсан Асановдун жубайы.
Булак: Баракелде