УКМК жүргүзгөн сотко чейинки бир нече териштирүүлөрдүн алкагында мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабанов фигурант катары өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тергөөнүн жүрүшүндө жасалган кылмыштардын жагдайларын аныктоого багытталган тергөө иш-аракеттеринин комплекси жүргүзүлөт.

Ушуга байланыштуу, тергөө органдары Өмүрбек Бабановго анын катышуусу менен тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн чакыруу кагазын тапшырышкан.

Белгиленген кылмыш иштерин УКМК тарабынан иликтөөнүн натыйжалары жөнүндө маалыматтар туруктуу негизде коомчулукка маалым болуп турат.

Булак: Элгезит