Печать
Категория: Коом
Просмотров: 128

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аймактагы медициналык мекемелердин абалын жакшыртуу үчүн колдон келген күч-аракетти жумшайт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө билдиргендигин, өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Вице-премьер-министр Панфилов районунун Эркин-Сай айылындагы № 9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мекемесинин абалы менен таанышты. Имаратта капиталдык оңдоо 30 жылдан бери жасала элек, ал эми медициналык мекеме 3 миңге жакын адамга тейлөө көрсөтөт. Бүгүнкү күндө жаңы имараттын курулушу зарыл.

Эльвира Сурабалдиева тармактык мамлекеттик органдарга үстүбүздөгү жылы аталган обьектини «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча республикалык бюджеттен каржыланган обьектилердин тизимине киргизүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
Вице-премьер-министр айылдагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратын куруу зарылдыгын белгиледи.

Булак: Элгезит