Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева суракка келбей жатканын кабарлады.

Мекеменин 5-январда тараткан билдирүүсүндө, Калиева 2020-жылдын 30-декабрында күбө катары суракка чакырылган. Ошол эле күнү УКМКга Гүлбара Калиеванын өзүнүн жана анын адвокатынын атынан кат жүзүндө билдирүү келип, сурак жүргүзүүнү 4-январга жылдырууну өтүнгөн.

4-январда адвокат Калиева ден соолугуна байланыштуу медициналык мекемелердин бирине жаткырылганын, тергөө органдарына келүү мүмкүн эместигин билдирген.

Жогорку Соттун төрайымы жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине аны эч ким суракка чакырбаганын айткан.

Булак: Маралфм