Бишкектин Биринчи май райондук соту мурунку вице-мэр Мирлан Амантуровдун баш коргоо чарасын 31-декабрда караган. Ал УКМКнын абагына (СИЗО) камакка алынганын бүгүн, 5-январда райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ал соттук териштирүү иштеринин алкагында 28-февралга чейин камакта болот.

Окуя тууралуу:

УКМКнын Коррупция менен каршы күрөшүү кызматы тарабынан Бишкек шаарынын мурунку вице-мэри А.М.К. 29-декабрда кармалып, камакка алынган. УКМКнын 30-декабрдагы маалыматы боюнча, ал ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу жана жоготуу беренеси менен шектелип жатат.

Расмий маалымат боюнча, 2015-2019-жылдары А.М.К. байланышы бар компания 100 млн сомдон ашык каражатка муниципалдык буйрутма алып, бул каражаттын бир бөлүгүн ээлеп алышкан. Мунун кесепетинен мэрия тарабынан өз убагында каржыланганы менен подрядчы компания ишти өз убагында аткарган эмес.

Учурда бул коррупциялык схемага аралашкан башка мамлекеттик кызматкерлерди аныктоо иштери уланып жатат.

Булак: Баракелде