Печать
Категория: Коом
Просмотров: 126

Банктан насыя алган 673 миң адам үч айлык пайыздык төлөмдөн бошотулат. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Финанасы министрлиги 248 финансылык-кредит уюм менен келишим түздү.

Анын негизинде 2020-жылдын 1-октябрына чейин 100 миң сомго чейин насыя алган жарандар 2020-жылдын декабрында жана 2021-жылдын январь-февралында пайыздар боюнча төлөмдөрдөн бошотулат.

Коммерциялык мекемеге жаран өзү арыз менен кайрылуусу керек.

Мындай жеңилдиктер туруктуу кирешеси жок, же үй-бүлөлүк кирешеси эмгек акынын эсебинен түзүлгөн жарандарга гана берилет. Алардын насыясынын үстөк пайызын төлөп берүү үчүн бюджеттен 1 миллиард 253 сом талап кылынат. Бул каражаттар салыктык эмес кирешелердин эсебинен 2021-жылдын республикалык бюджетинде каралууда.

Булак: Кабар