Кыргызстанда коронавируска каршы орусиялык вакцина чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев АКИpress агенттигине билдирди.
Анын айтымына, Кыргызстан Россияга 500 миң доза коронавируска каршы вакцинасын алуу өтүнүчү менен кат жөнөтөт.
«Бизге 100 миң доза вакцина берилиши мүмкүн. Алар дарыгерлерге жана мугалимдерге жөнөтүлөт», - деди ал.
«Эгерде вакцинаны өзүбүз өндүрсөк жакшы болмок. Россиянын саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко менен болгон жолугушууда бул маселе да талкууланды. Коронавирустук инфекцияны жеңүү үчүн эмдөө керек. Эмдөө материалдары вакцинанын өзүнө салыштырмалуу арзан», - деп кошумчалады министр.
Россиянын Президенти Владимир Путин маалымат жыйында чет мамлекеттерде коронавируска каршы орусиялык вакцинанын өндүрүлүп чыгуу ыктымалдыгы бар экендигин белгиледи.
«Вакцинанын курамдык бөлүктөрү жакшы. Бизде дагы деле болсо «темир», вакцинанын керектүү көлөмүн чыгаруучу жабдыктар жетишсиз. Бирок бул вакцинаны өндүрүү үчүн тийиштүү заводдор, ишканалар, жабдуулар керек. Алар курулат. Башка өлкөлөр менен кызматташуу жөнүндө. Вакцинанын өзүн өндүрүү үчүн, ишканаларыбыздын технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн бизге убакыт керек. Бизде бул вакцинаны чыгарууга тоскоолдуктар жок жана анын курамдык түзүлүшү жетиштүү. Аны чет мамлекеттерде, чет өлкөлөрдө өндүрүү үчүн бизде бардыгы жетиштүү. Алар акчаларын ушул тармакты кеңейтүүгө жана тиешелүү жабдууларды сатып алууга жумшашы керек болот», - деди ал.
Булак: Баракелде