“Ууру тойгончо жеп анан өлгөнчө карганат” болуп, госпажа Гүлбара Калиева өзүнө коюлган дооматты четке кагып, “УКМК мага каршы көрсөтмөнү күбөлөрдү мажбурлоо жолу менен чогултууда” деп чыкты. Соттор эч күнөөсү жок адамдарды канча жылдан бери сыздатып келе жатасыңар, өзүңөргө иш козголсо эле сотторго басым болуп жатат деп кыйкырып чыга калат экенсиңер. Силер эч кимди тоготпой калгансыңар, анткени Жогорку Соттун төрайымына же төрагасына 30 жылдан бери эч ким иш козгогон эмес, ошон үчүн каалагандай жеп ичип көнүп калгансыңар.