Печать
Категория: Коом
Просмотров: 268

28-декабрда Ош облусунда ири суммадагы акча каражатын карактаган факт катталды. Кара-Суу районунун Кызыл-Шарк айылында жашаган ата-баланын 100 миң долларын белгисиз адамдар тоноп кетишти. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Аширбаев билдирди.

Ал белгилегендей, жабырлануучумун деген жарандын арызында көрсөтүлгөндөр боюнча төмөндөгүлөр аныкталган: кара түстөгү бет кап кийген 3 белгисиз адам кара түстөгү «Сангёнг Муссо» үлгүсүндөгү автоунаа менен каршы тилкедеги унааны сүзүп токтотушкан. Андан кийин белгисиз үлгүдөгү тапанча менен жабырлануучумун дегендин баласынын бутуна атып, унаадагы кара түстөгү баштыкка салынган 100 миң доллар акчасын карактап, аларды күтүп турган кызыл түстөгү «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү автоунаага отуруп, качып кетишкен.

Аталган факт боюнча милиция кызматы териштирүү жүргүзгөндө, окуя болгон жерден ок атуучу куралдын гилзалары табылган. Учурда Кара-Суу РИИБде Жазык кодексинин 202-беренесинин 3-бөлүгү (“Каракчылык”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ал эми кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Ош облусунда, айрыкча Ош шаарында жана аэропорттун айланасында мындан мурда да ири суммадагы АКШ долларларын мүшөгү менен карактап кеткен окуялар көп катталган. Бирок алардын биринин да бети ачылбай, каракчылар из жашырып кетишкен. Сыягы, бул ирет да ошол сценарий боюнча ата-бала тонолду окшойт. Милиция, УКМК бул ирет кылмыштын бетин ачарына үмүт артып туралы.

Булак: “Майдан. kg” гезити