Бүгүн, 30-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде «Фонограмма жөнүндөгү» мыйзам талкууланды. Мындан ары мамлекеттик мекемелерде фонограмма менен ырдоого тыюу салууну пландап жатышат.

Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү талкууга министр Нуржигит Кадырбеков, композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев жана музыканттар катышты. Жыйынтыгында «Фонограмма жөнүндөгү» учурдагы мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле министрлик жакынкы аралыкта мамлекеттик маданий мекемелерде фонограмма колдонууга тыюу салуу тууралуу буйрук чыгара турганы белгилүү болду.

Булак: Баракелде