Печать
Категория: Коом
Просмотров: 198

Бишкек шаарындагы бардык мектептер 2020-жылдын 1-февралынан тарта иштей башташы мүмкүн. Бул тууралуу жыйын учурунда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, бул шаардагы эпидемиологиялык кырдаалга да байланыштуу болот.

«Мектептер иштеп баштаган аймактарды карайбыз. Балким 15-январдан баштап орто мектеп окуучулары үчүн мектептерди ачабыз. Вице-мэр Айжан Чыныбаева бул маселенин үстүндө иштеп жатат », – деди ал.

Булак: reporter.kg