Печать
Категория: Коом
Просмотров: 205

Үстүбүздөгү жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголуп, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына карап чыгууга өткөрүлүп берилгендигин билдирди.

25-декабрда Судьялар кеңешинин атынан ЖМКларда  Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Т.Мамытовдун дарегине ачык кат жарыяланган. Анда УКМКнын төрагасы К.Ташиевдин билдирүүсүнө жооп катары күнөөлөөчү мүнөздөгү мындай айыптоолордон сотторду коргоону өтүнүшкөн.

Бирок аталган маалымат жыйынында К.Ташиев кылмыш иши козголгон фактыны гана айтып, мыйзамдарга ылайык, Тартип комиссиясынын макулдугу менен гана Г.Калиеваны жоопко тартууга мүмкүн болорун белгилеген.

Белгилей кетүүчү нерсе, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин атынан айтылган билдирүүнү  Г.Калиеванын жакын курбусу - Чынара Садырова уюштурган. Ал Г.Калиеванын колдоосу менен Соттор кеңешинин төрайымы болуп ушул жылдын 6-ноябрында шайланган. Мындан сырткары, Соттор кеңешинин атынан жарыяланган  Ч.Садырованын билдирүүсү Кеңештин башка мүчөлөрү менен макулдашылган эмес. Билдирүү анын жакын санаалаштарынын чөйрөсүндө - А.Сейдахматованын (Ленин райондук сотунун судьясы), Д.Орозованын (Биринчи Май райондук сотунун судьясы) жана Б.Сарыбаеванын (Өзгөн райондук сотунун судьясы)  даярдалган. 

Г.Калиева менен Ч.Садырованын бул аракеттери Соттор кеңешинин башка мүчөлөрүнүн нааразычылыгын жараткан. Ушундан улам, Г.Калиева жана Ч.Садырова Соттор кеңешинин атынан Т.Мамытовдун дарегине жолдонгон бул кайрылууну юридикалык жактан жасалгалай алышкан эмес жана ал кайрылуу КР Президентинин Аппаратына расмий түрдө келе элек.

Ошентип, соттордо ыйгарым укуктарын токтото туруу жана актоо жолунун цивилизациялуу тажрыйбасын пайдалануунун ордуна, Г.Калиева өзүнүн кызмат абалын пайдаланып, сот тутумундагы достору жана санаалаштары аркылуу ага карата кылмыш ишин козгоо маселесин саясатташтыра баштады.

Эгерде Г.Калиеванын жеке фигура катары өзүнө токтолсок, анда өлкөнүн башкы сотунун кынтыксыз кадыр-баркын сактоонун ордуна, бир катар ыплас иштерди жасаганын табууга болот.

Г.Калиеванын жолдошу - Ордобаев Бейшенбек Сыдыкбекович, 1959-жылы 10-июлда туулган, буга чейин Аламүдүн районунун мамлекеттик каттоосун жетектеген. 2015-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Б.Ордобаевге карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин жер тилкелерин берүү боюнча 30-беренесинин 6-бөлүгү жана 305-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пункту менен "Кызматтык ыйгарым укуктарын оор кесепеттерге алып келүү менен аша чабууга катышкандыгы үчүн"  кылмыш иши козголгон. Бул Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты К.Самаковдун ишине байланыштуу болуп, ал соттолуп кеткен, ал эми КРнын Жогорку Сотунун төрагасынын жолдошу таң калыштуу жагдайда  акталып чыккан.

Ошондой эле Ордобаев Б.С. 2018-жылдын 9-октябрында, тагыраак айтканда,  Калиева Гүлбара Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы болуп дайындалгандан кийин акталган.

Андан кийин Б.С.Ордобаевди  актаган судья Байсов Кылыч Аламүдүн райондук сотунун төрагасы болуп дайындалган.

Февраль айында Чүй облустук соту Аламүдүн райондук сотунун чечимдерин күчүндө калтырган. Гүлбара Калиеванын өтүнүчү менен Башкы прокуратура 1-2- инстанциянын чечимдери боюнча Жогорку Сотко бүгүнкү күнгө чейин даттана элек.

Г.Калиеванын уулу - Ордобаев Жоомарт Бейшенбекович, 1984-жылы 13-ноябрда туулган. 2011-жылдын 12-ноябрында Ж.Ордобаевге карата  281-берененин 3- 1-бөлүктөрү боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин «Жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин бузуу жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо, бир нече адамдын өлүмүнө алып келген» деген айып менен кылмыш иши козголгон. Бирок кылмыш иши токтотулган жана ага ошол кезде  Сокулук райондук сотунун төрайымы болуп турган Калиева Гүлбара себеп болгон. Кызыгы, кырсыкка учураган унаа Сокулук сотунун кызматтык унаасы болгон. Мындан сырткары, Г.Калиева Сокулук райондук сотунун төрайымы болуп турган кезде, күйөөсү менен уулу соттун кызматкерлери катары катталышып, эмгек акыларын алып турушкан. Мындан сырткары, Г.Калиеванын бир тууганы - Калиев Тилек Утюровичге карата  (1957-жылы 16-мартта туулган, врач-хирург)  2014-жылы май айында  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси - "психотроптук заттарга рецепттерди мыйзамсыз берүү" боюнча кылмыш иши козголгон. 2014-жылдын ноябрь айында Биринчи май райондук соту тарабынан күнөөлүү деп табылган.

Мындан улам, түкмүшөлдүү ойлорго кептелесиң. Башында "куйругунда калбыры" бар жетекчилер тургандыктан биздин сот системасы кайсы бир деңгээлде акыйкатсыздыкты туу тутуп жатышкандыр.

vb.kg