Россия Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 20 млн доллар өлчөмүндө жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Россиянын өкмөтү бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө пенсия жана жөлөк пулду, ошондой эле саламаттык сактоо тутумун каржылоого Кыргызстанга кайтарымсыз негизде 20 млн доллар бөлөт.

"Келишимдин долбоору кыргыз тараптан жактырылган жана жакынкы аралыкта кол коюлат", - деп айтылат маалыматта.

Булак: media-center.kg